Биз жөнүндө

Logo RUSКыргызстандагы Библиялык коом 1996-жылы түптөлгөн.

Библиялык коомдун максаты – Ыйык Жазууну улутуна, жаш курагына жана социалдык абалына карабай, бардык адамдарга жеткирүү. Кыргызстандагы Библиялык коом Кыргыз Республикасындагы ар кандай машайакчы конфессияларга таандык болгон диний бирикмелер тарабынан түзүлгөн. Коом 20 жылдан ашуун убакыттан бери түшүнүктүү которулган жана кайсы бир конфессияга басым жасалбаган Ыйык Жазууну  Кыргыз Республикасындагы ишенгендер менен диний коомдорго сунуштап келет.

Машайакчылардын ар биринин туткан ишеним принциптерин сактоо жана Ыйык Жазууну сыйлоо аркылуу өз ара ынтымагын бекемдөө Библиялык коомдун баалуугу болуп саналат. Коом адабияттарды которуу, илимий-изилдөө жана басып чыгаруу иштери менен алектенет. Ошондой эле Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттагы элге рухий китептерди, аудио жана видео материалдарды сатуу, бекер таратууну да уюштурат.

Ыйык Жазуудан сырткары, Библиялык коом Библиянын жакшы түшүнүүгө өбөлгө түзүүчү, доктриналык эмес кошумча материалдарды да сунуштайт. Алар Библиялык энциклопедиялар, атластар, сөздүктөр, маалымдамалар.

Эта запись также доступна на: Russian

Leave a Reply