UBS-day-of-prayer-2017_English

9-МАЙ – Бириккен Библиялык Коомдордун сыйынуу күнү

1946-жылы 13 Библиялык Коом Бириккен Библиялык коомду түзүү үчүн биригүүнү чечет. Бул күндү белгилөө үчүн жыл сайын 9-майда өзгөчө сыйынуу күнү өткөрүлүп турат. Бул күн Библиялык Коомдордун глобалдык үй-бүлөсү катары биримдигибизди билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Биз баарын сыйынуу менен коштойбуз. Бирок жылына бир жолу бүт дүйнө жүзүндөгү Библиялык коомдор чогулуп, жалпы кызмат үчүн сыйынышат.

Сыйынуу күнү – Кудайга берешендиги үчүн ыраазычылык билдирүүчү учур. Биздин ишибиз менен мамилебизге батасын берсин деп Кудайдан кайрадан суранууга болгон мүмкүнчүлүк. Машайактын ичиндеги биримдигибизди майрамдоочу жана ушундай маанилүү тапшырманы аткарууга Кудайдын жетекчилиги менен акылмандыгын сурачу күн.

Кабардын булагы жана сүрөт: https://www.unitedbiblesocieties.org

Эта запись также доступна на: Russian