Балдар үчүн Библия үчүн мобилдик тиркеме “Балдар үчүн Библия” деген мыкты машайакчылык тиркемелердин бирин тосуп алгыла. Аны Android менен iPhone, iPadга бекер эле көчүрүп алууга болот.
Азыркы балдар планшет, сматрфондорду колдонгонду билишет, ата-энелер көп учурда аларды балдарын сооротуп, алаксытыш үчүн колдонушат, бирок кандай оюн жана тиркемелер менен?
“Балдар үчүн Библия” деген мобилдик тиркемени Андроид же Айфонго бекер жүктөөгө болот.
YouVersionдун балдары “Балдар үчүн Библияны” смартфондор үчүн иштеп чыгышты. Алар балдар кичинекей кезинен эле Библиядагы окуяларга кызыгып, Кудай Сөзү жүрөктөрүнөн орун алышын каалашат.
“Балдар үчүн Библия” акысыз мобилдик тиркеме көрүүчүлөрүнө Библиянын каармандары менен маанилүү окуяларды кооз жана анимацияланган сүрөттөрдүн жардамы менен үйрөнүүнү сунуштайт. Булар сапаттуу музыка жана диктордун жагымдуу үнү менен коштолот.
Орус тилиндеги “Балдар үчүн Библия” тиркемеси жүктөөгө даяр.
Бардык тексттер, элементтер, диктордун үнү да орус тилине которулуп, App Store же Google Play аркылуу акысыз жүктөөгө даяр.
Бул тиркемени колдонуучулардын оюн айта кетели:
«Уулум 4тө, ал “Балдар үчүн Библия” тиркемесин жакшы көрөт. Кудай Сөзүн сүйүүгө уулума жардам бергениңерге чоң рахмат!». Анжела.
«Силердин тиркемеңердин жардамы менен жээним экөөбүз окуйбуз. Анын кабыл алуусун, кубанычын көрүп, ыраазычылыктан көз жашымды араң тыям». Desirae.
“Балдар үчүн Библия” мобилдик тиркемеси балдарыңды жаш кезинен Кудай Сөзүнө кызыктырууга жардам берет
Бул тиркемени акысыз жүктөп алуу үчүн төмөнкү шилтемелерди басыңыз (кнопканы басып эле жүктөп алыңыз):


Бул тиркеменин кайталангыс өзгөчөлүгү:
Балдарга түшүнүктүү жана жагымдуу интерфейс.
Каармандарды же ар кандай элементтерди басуу менен активдештирилген анимация.
Балдарга Библиянын башынан аягына чейин Кудайдын планы жөнүндө чоң окуяны көрсөткөн кызыктуу мазмун
Тиркеменин мыкты ойлонуштурулган дизайны менен механикасы балаңызды бул окуяларды кайра-кайра көрүүгө кызыктырат.
Булак: http://bogoblog.ru
Эта запись также доступна на: Russian