037z-077z

Библиянын Синоддук котормосунун тарыхы

Орус тилиндеги Библиянын тарыхы 1816-жылдан башталат. Император Александр биринчинин буйругу менен Орусиянын Библиялык Коому Инжилди орус тилине которууга киришет. 1818-жылы Коом Жакшы Кабарлардын орус тилиндеги котормосун жарыкка чыгарып, 1822-жылы Инжилдин толук текстин жана Забурду чыгарган. 1824-жылы Тоораттын орусча котормосу басууга даярдалган. Арийне, 1826-жылы Орусиянын Библиялык Коому жабылган соң, Библияны орус тилине которуу отуз жылга токтоп калган.

1859-жылы Александр экинчинин ырайымы менен Орусиянын Православ ыйык Синоду Жазууну орусчага жаңыдан которууну Санкт-Петербург, Москва, Казань жана Киевдеги төрт рухий академияга тапшырды. Бул котормонун негизин Орусиянын Библиялык Коомунун тексти түзгөн. Акыркы редакция ыйык Синод жана Москва митрополити Филарет (Дроздов) тарабынан анын өмүрүнүн акырына чейин, 1867-жылга чейин жүргүзүлгөн.

1860-жылы төрт Жакшы Кабар басууга берилип, 1863-жылы Инжил толук чыккан. Ал  1876-жылы алгачкы орус тилиндеги Библиянын толук жыйнагына кирген. Ошондон тарта, адатта, Синоддук аталган котормо ондогон басылмалардан кийин, Орусиядагы бардык машайакчылар үчүн стандарттык текст болуп калган.

Синоддук котормонун тексттик негизи

Байыркы Келишимди которууда (негизинен байыркы эврей текстинен, б.а., “масорет” текстинен которулган) орус текстине эврей түп нускада жок, бирок байыркы грек жана чиркөөлүк-славян версияларында бар сөздөр кашаага алынып киргизилген. 1876-жылкы орус Библиясынын мүчүлүштүктөрүнүн бири ушундай “тексттик” кашаалар кадимки кашаа – тыныш белгисинен эч айырмаланган эмес.

1882-жылы Британ жана Чет элдик Библиялык Коомдорунун демилгеси менен Синоддук котормонун канондук китептери кошулбаган котормосу жарык көргөн. Бул басылмада Байыркы Келишимдин орус тилиндеги текстинен грек жана славян версиясынан алынып киргизилген айтымдарды алып салууга аракет кылынган (орус котормосунун Жаңы Келишимдик бөлүгү кайра каралган эмес). Тилекке каршы, “тексттик” кашааларды тыныш белгиси болгон кашаалар менен чаташтыруунун кесепетинен, бул аракет 1876-жылкы басылмада кандайдыр бир максатта кашаага алынган Байыркы Келишимдеги дээрлик бардык сөздөр менен сөз айкаштарын алып салууга алып келген. Бул ката 1947-жылы Америкалык Библиялык Коом даярдаган басылмада да кайталанган.

ОБК чыгарган Библиянын бир катар басылмаларында Байыркы Келишимдин эврей текстинде жазылган, бирок 1882-1947-жылкы басылмаларда негизсиз эле өчүрүлгөн  Синоддук котормонун бардык сөздөрү менен сөз айкаштары калыбына келтирилген. Ал эми Синоддук котормого грек версиясынан кошулган сөздөр тууралуу айтсак, алар айрым учурларда эле, заманбап текстология бизге чейин жеткен эврей текстине караганда, грекче Библияга көбүрөөк ишенүүгө болот деп эсептеген учурларда эле калтырылган.

Тексттик кашаалар менен тыныш белгиси болгон кашааны чаташтырбаш үчүн биринчиси жумуру эмес, чарчы түрүндө терилет (Башт. 4:8).

Синоддук котормонун Инжил бөлүгү грек тилинде чыккан Инжилге негизделген, бул баарынан мурун C. F. Matthei (1803-1807) жана M. A. Scholzдун котормосу (1830-1836). Орус котормосунда бул китептерде жок, бирок чиркөө славян-тексттеринде бар сөздөр кашаага алынып жазылган.

Бул басылмада (буга чейинки бардык китептердегидей эле) Инжилдин тексти 1876-жылкы басылмадан кайсы бир сөздөрдү албастан жана кошпостон басылат.

Синоддук котормодогу курсив

1876-жылкы басылмада котормочулар “маани тагыраак, байланыш жакшыраак” болушу үчүн кошкон сөздөр курсив менен терилген. Бул автордук белги өзгөртүлгөн эмес, бирок заманбап котормо илими аны ашыкча санамак.

Орфография жана тыныш белгилер

Синоддук котормо биринчи жолу жарык көргөндөн бери жүз жылдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта орус орфографиясында реформалар болду, туура жазуу жана тыныш белгилер талабы да бир нече жолу өзгөргөн. Синоддук котормо жаңы орфография менен 1920-жылдан бери бир нече жолу басылды. Орусиянын Библиялык Коому чыгарган бир катар басылмаларда бир нече жолу орфографиялык оңдоолор болгон. Кеп негизинен, көөнөргөн мүчөлөр тууралуу болуп жатат. Маселен, Святый, Живый деген сөздөр Святой, Живой деп өзгөртүлгөн. Святаго, Живаго – Святого, Живого; Лицем, отцем – лицом, отцом.

Ошол эле учурда 19-кылымдын орфографиялык жана тыныш белгилери жөнүндө талаптарга дал келген көп сөздөр ошол боюнча калтырылган. Маселен, улуттардын аталышы же төл сөздүн ичинде саптамгалар менен чоң тамгаларды жазуу эрежеси бузулган эмес.

Синоддук котормонун дагы мүнөздүү өзгөчөлүгү тырмакчалардын аз колдонулушу. Алар эки учурда гана колдонулат: жазылган булактан алынган цитатаны бөлүү үчүн жана төл сөздүн ичиндеги башка төл сөздү бөлүү үчүн. ОБКнын басылмаларында да ушул тыныш белгилик норма сакталган.

Рубрикалоо

Библиянын текстин бөлүмдөргө бөлүү Батыш Европада 12-кылымда пайда болгон (аяттарга бөлүү 16-кыл.). Ал баяндоонун ички логикасына дайыма эле дал келе бербейт. Айрым басылмаларында ОБК бөлүмдөрдү тексттин маанисине жараша бөлүп, аларга ат коюу менен толуктаган. Котормочулар Библиянын текстине “маани тагыраак, байланыш жакшыраак” болуш үчүн кошкон сөздөр сыяктуу алар курсив менен терилген.

Эта запись также доступна на: Russian