19-кылымдын биринчи он жылдыгында бир нече Библиялык коом уюшулган. Бул кыймылдын башында 1804-жылы пайда болгон Британдык жана Чет элдик Библиялык Коомдор турган. Андан соң Ирландиянын (1806), Финляндиянын (1812), Орусиянын (1813), Даниянын (1814), Нидерланддын (1814), Швециянын (1815), Польшанын (1816), Американын (1816), Норвегиянын (1816), Франциянын (1818) коомдору жаралган. Кийинчерээк башка өлкөлөрдө да түзүлгөн. 19-кылымда Библиялык коомдордун арасындагы байланыш өтө эле чектелүү болгон, коомдор бири биринен дээрлик көз карандысыз иштеген. Бирок айрымдары, биринчи кезекте, Британ жана Американын коомдору башынан эле өздөрүнүн өкүлчүлүктөрүн башка өлкөдө да өнүктүрүүгө умтулушкан. Жыл өткөн сайын тыгыз кызматташуу жана жалпы максатка жетүү үчүн күчтү туура бөлүштүрүүгө жардам берчү уюм түзүү зарылчылыгы айкын болду.
1946-жылы, 9-майда Британияда Бириккен Библиялык коомдор (United Bible Societies) эл аралык ассоциациясы негизделген, ал кеңеш берүү, өз ара колдоо көрсөтүү жана биригип иш-аракет кылуу максатын көздөгөн. Бириккен Библиялык Коомдордун составына көз карандысыз улуттук Библиялык коомдор кирген.
Алар төмөнкү бир принципти кармашкан: ишенимге үйрөтүүчү комментарийлерсиз, арзан баада, Ыйык Жазууну түшүнүктүү тилде таратуу менен Кудай Сөзүн ар бир адамга жеткирүү.
Библиялык коомдордун негизги аракети Жазууну которуу, басып чыгаруу жана таратууга багытталган. Ошондой эле Библияны изилдөөгө жардам берүүчү окутуучу-маалымдоочу адабиятты басып чыгарууга да чоң көңүл бурулат. Алардын иш-аракетинин маанилүү бөлүгү субсидияны талап кылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражат чогултуу болуп саналат. Библиялык коомдорго башынан эле башканын ишенимин сыйлоо жана бардык конфессиядагы машаякчылар менен кызматташууга ачыктык мүнөздүү. Коомдун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү катардагы машаякчылардын басымдуу ролу. 20-кылымдын 60-жылдарына чейин алар көбүнчө протестанттык уюмдар болгон. Ватикандагы экинчи жыйналыштан кийин 1962-65-жылдары Библиялык коомдордун ишине католиктер аралашып, кийин православдык машаякчылар да активдүү катыша башташты.
Башында Батыш Европалык 13 улуттук коомдун бирикмесинен турса, азыркы учурда 144 коом мүчө болуп саналат, алар дүйнөнүн эки жүз өлкөсүнөн ашуун жеринде иш алып барып жатышат.
United Bible Societies World Service Center
Reading Bridge House, 7th Floor
Reading RG1 8PJ
England
Tel: +(44)-(0)118-9500200
Fax: +(44)-(0)118-9500857
www.biblesociety.org
Эта запись также доступна на: Russian