Category: Библиялык коом

Кыргызстандагы Библиялык коом 1996-жылы түптөлгөн.
Библиялык коомдун максаты – Ыйык Жазууну улутуна, жаш курагына жана социалдык абалына карабай, бардык адамдарга жеткирүү. Кыргызстандагы Библиялык коом Кыргыз Республикасындагы ар кандай машайакчы конфессияларга таандык болгон диний бирикмелер тарабынан түзүлгөн. Коом 20 жылдан ашуун убакыттан бери түшүнүктүү которулган жана кайсы бир конфессияга басым жасалбаган Ыйык Жазууну Кыргыз Республикасындагы ишенгендер менен диний коомдорго сунуштап келет.
Машайакчылардын ар биринин туткан ишеним принциптерин сактоо жана Ыйык Жазууну сыйлоо аркылуу өз ара ынтымагын бекемдөө Библиялык коомдун баалуугу болуп саналат. Коом адабияттарды которуу, илимий-изилдөө жана басып чыгаруу иштери менен алектенет. Ошондой эле Кыргызстанда жашаган түрдүү улуттагы элге рухий китептерди, аудио жана видео материалдарды сатуу, бекер таратууну да уюштурат.
Ыйык Жазуудан сырткары, Библиялык коом Библиянын жакшы түшүнүүгө өбөлгө түзүүчү, доктриналык эмес кошумча материалдарды да сунуштайт. Алар Библиялык энциклопедиялар, атластар, сөздүктөр, маалымдамалар.

0001

Кыргызстан Библиялык Коому You Tube каналында Жаңы Келишимди кыргыз тилинде жарыялады.

Ыйык жазуу, кыргыз элине жеткиликтүү болуп калды. Эми сиз жөн гана сүйүктүү видео хостингиңизди ишке киргизип, Кыргызстан Библия Коомунун каналын тапсаңыз болот, ал ушундай деп аталат жана Жаңы Келишимди өз эне тилиңизде угууну баштасаңыз болот. Ыңгайлуулук үчүн, китептер ойнотмо тизмелеринеДалее

UBS-day-of-prayer-2017_English

9-МАЙ – Бириккен Библиялык Коомдордун сыйынуу күнү

1946-жылы 13 Библиялык Коом Бириккен Библиялык коомду түзүү үчүн биригүүнү чечет. Бул күндү белгилөө үчүн жыл сайын 9-майда өзгөчө сыйынуу күнү өткөрүлүп турат. Бул күн Библиялык Коомдордун глобалдык үй-бүлөсү катары биримдигибизди билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз баарын сыйынуу менен коштойбуз. БирокДалее

IMG_0753

Кыргызстандын Библиялык коомунун өкүлдөрүнүн Бишкек жана Кыргызстандын епископу Даниил менен жолугушуусу

2017-жылдын 22-мартында Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Кыргызстандын Библиялык коомунун өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда Библияны кыргыз тилине которуу тармагында кызматташуу маселеси талкууланды, ошондой эле орус тилиндеги теологиялык классикалык чечмелөөчү адабияттарды таратуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болду. Жолугушууга Кыргыз Библиялык коом тараптанДалее