translation-figures_gr_v4-1

Ыйык Жазууну окуу мүмкүнчүлүгү

Азыркы учурда дүйнөдө 6880 тил бар, ал тилдерде 7,4 миллиард адам сүйлөйт.

Азыркы учурда

Библия толугу менен 648 тилге которулган

Инжил 1432 тилге которулган

Библиянын кайсы бир бөлүктөрү 1145 тилге которулган

Арийне, дагы 3655 тилге которула элек

2016-жылы Библиялык Коом дүйнө жүзүндөгү 61 тилге Библияны которуп бүтүрүүгө жардам берген. Ал тилдерде 428 миллиондон ашуун адам сүйлөйт. 2016-жылы 95 миллиондон ашуун адамдан турган 30 улут биринчи жолу Ыйык Жазууну колго алды.

17 улут алгачкы жолу Библиялуу болду, алтоо Инжилди биринчи жолу окушат, ал эми дагы 7 улутта Жазуунун айрым китептери жарыкка чыкты.

Тилдер дайыма өнүккөндүктөн, Библиялык Коомдор буга чейин которулган басылмаларды карап, жаңыдан которууну пландаштырып келет. 2016-жылы ушундай максатта дагы 28 жаңы, жаңыланган котормо жана 3 окуу куралы чыгарылды, бул 333 миллиондон ашуун окурманды камтыйт.

UBSтин сайтынан кенен окуй аласыңар

Эта запись также доступна на: Russian